Сунак: "Газадагы гуманитардык кризис барган сайын начарлап баратат"

Глобалдык Азык-түлүк коопсуздугу саммити Лондондо башталды.

2066533
Сунак: "Газадагы гуманитардык кризис барган сайын начарлап баратат"

Британиянын премьер-министри Риши Сунак Израилдин өзүн коргоо укугун колдой турганын кайталап, Газадагы гуманитардык кризиске байланыштуу: «Аймактагы абал абдан кайгылуу жана барган сайын начарлап баратат. Гуманитардык жардамдын Газага эч кандай тоскоолдуксуз жетүүсү жана кагылышууга дароо гуманитардык тыныгуу берилиши үчүн аракеттерибизди улантып жатабыз»,- деди.

Сомали, Бириккен Араб Эмираттары, Билл жана Мелинда Гейтс Фонду, Балдар инвестициялык Фонду (CIFF) жана Улуу Британия менен биргеликте уюштурулган Глобалдык Азык-түлүк коопсуздугу саммити Лондондо башталды.

Саммиттин ачылышында сөз сүйлөгөн Сунак, дүйнөдөгү көптөгөн чыр-чатактар ​​жана жаңжалдардын ​​жакырларга түздөн-түз таасир тийгизип жатканын белгилеп, Туруктуу өнүгүү максаттарына карай кызматташуунун маанисине токтолду. Британиянын премьер-министри: «Бул да ачкачылыкты нөлгө жеткирүү максатына болгон күч-аракетибизди эки эсеге көбөйтүү менен башталат. Бүгүнкү күндө, башкача айтканда 2023-жылы дээрлик 1 миллиард адам жетиштүү тамактанбай, миллиондогон адамдар ачарчылыкка жана 5 жашка чейинки 45 миллион бала курч жетишсиз тамактануу менен бетме-бет келип жатканы туура эмес»,- деди.

Сунак палестиналык жарандарга колдоону эки эсеге көбөйтүшкөнүн жана Британиянын Израилдин өзүн коргоо укугун колдой турганын дагы бир жолу кайталап: «Бирок бул эл аралык гуманитардык укуктун алкагында болушу керек. Аймактагы абал абдан кайгылуу жана барган сайын начарлоодо. Биз гуманитардык жардамдын Газага эч кандай тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыздоо жана жаңжалда дароо гуманитардык тыныгууну камсыз кылуу үчүн аракеттерибизди улантып жатабыз. Анткени бейкүнөө жарандардын азап-тозогу бүтүшү керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар