Малики: «Израиль палестиналыктарды жок кылам деп ойлойт»

Араб жана ислам өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) баш катчысынан турган делегация Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин 5 туруктуу мүчөсүн камтыган сапарын баштады.

2066531
Малики: «Израиль палестиналыктарды жок кылам деп ойлойт»

Палестинанын тышкы иштер министри Аль-Малики: «Израиль Газадагы жаңжал «бардык согуштарды токтотуу үчүн акыркы согуш» деп жактоодо. Алар палестиналыктарды толугу менен жок кылууга үмүттөнүшөт», - деди.

Араб жана ислам өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) баш катчысынан турган делегация Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин 5 туруктуу мүчөсүн камтыган сапарынын биринчи аялдамасы болгон Кытайда жолугушууларды өткөрдү.

Жыйында сөз сүйлөгөн Палестинанын тышкы иштер министри Аль-Малики Израилдин Газадагы палестиналыктарга каршы «жапайыдай кылмыштарды» жасаганын билдирди.

Малики: «Алар сууну, электр энергиясын жана башка негизги муктаждыктарын баарын өчүрүштү, кыймылдагандын баарын өлтүрүштү, адамдарды укуктарынан ажыратышты», - деди.

Израилдин Газаны курчоого алып, Батыш Шериадагы жерлерди аннексиялап, палестиналыктарга карата расалык дискриминация кылганына көңүл бурган Малики: «Газадагы курчоо 7-октябрда болгон жок, Израиль Газаны 18 жыл мурда «дүйнөнүн эң чоң ачык асман астындагы түрмөсүнө» айланта баштаган»,-деп айтты.

Израилдин иш-аракеттеринин эки мамлекеттүү чечимди жана палестиналыктардын өз тагдырын өзү аныктоо жана көз карандысыз мамлекет куруу укугун тебелегенин баса белгилеген Малики : «Израиль мунун «бардык согуштарды бүтүрө турган акыркы согуш» экенин жакңтоодо. Палестиналыктарды толугу менен жок кылууну ойлошот»,-деди.



Тектеш кабарлар