Франция Газага тик учак конуучу кемесин жөнөттү

«Dixmude» аттуу тик учак конуучу кеменин бир нече күндүн ичинде Египетке жетүүсү күтүлүүдө.

2066338
Франция Газага  тик учак конуучу кемесин жөнөттү

Франция Газага Израилдин кол салууларында жарадар болгондордун дарылануусу үчүн оорукана кызматын көрсөтө турган жаңы тик учак конуучу кемесин жөнөттү.

Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну X социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө, тик учак конуучу кемеде 40 керебет, 2 операциялык бөлмө, бир рентген кабинети жана бир лаборатория бар экенин, кеменин өзгөчө абалы оор балдарды дарылоо үчүн кызмат кылаарын айтты.

«Dixmude» аттуу тик учак конуучу кеменин бир канча күндүн ичинде Египетке жетүүсү күтүлүүдө.

Франция өткөн айда да Газага «Tonnerre» аттуу тик учак конуучу кемесин жөнөткөн.

Израиль тарабынан ооруканалар бутага алынып, жарандардын оор жоготуулары катталган Газада саламаттыкты сактоо кызматтары токтоп турганда, Франция жөнөткөн кемелердин керебет сыйымдуулугунун жетишсиздиги үчүн оппозиция тарабынан сынга алынууда.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.

Күчөгөн чыңалууда көбү балдар 13 миңге жакын палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар