АКШ Сирияда абадан операция жүргүздү

Билдирүүдө, «АКШ өзүн, өз кызматкерлерин жана кызыкчылыктарын коргоону улантат»,деген маалымат берилген.

2063627
АКШ Сирияда абадан операция жүргүздү

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Сириядагы Иран менен байланышы бар топторго абадан сокку урду.

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Х социалдык тармактагы билдирүүсүндө, аба соккулары Сириянын Абу Камал жана Маядин шаарларынын айланасындагы Иран төңкөрүшү сакчылары корпусу (IRGC) жана ага жакын топтор колдонгон объектилерге жасалганы белгиленди.

Билдирүүдө, «АКШ өзүн, өз кызматкерлерин жана кызыкчылыктарын коргоону улантат»,деген маалымат берилген.

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Ирак жана Сирияда АКШ кызматкерлерине карай уланып жаткан кол салууларга каршы, Сириянын чыгышында IRGC жана ага жакын топтор тарабынан колдонулган объекттерге абадан операция жасалганын ырастады.

Билдирүүдө урулган буталардын биринин машыгуучу жай, экинчисинин баш калкалоочу жай болгону белгиленди.



Тектеш кабарлар