Жибути космоско биринчи ата мекендик спутнигин учурду

Жибутинин экономика жана финансы министри Ильяс М. Давалех өлкөдө чыгарылган биринчи спутник америкалык SpaceX космос кемеси жана ракета өндүрүүчүсү тарабынан космоско ийгиликтүү учурулганын билдирди.

2063487
Жибути космоско биринчи ата мекендик спутнигин учурду

Жибути космоско биринчи ата мекендик спутнигин учурууга жетишти.

Жибутинин экономика жана финансы министри Ильяс М. Давалех өлкөдө чыгарылган биринчи спутник америкалык SpaceX космос кемеси жана ракета өндүрүүчүсү тарабынан космоско ийгиликтүү учурулганын билдирди.

Давалех жибутиялык илимпоздор чыгарган наноспутник өлкөнүн технологиялык прогресстеги чечкиндүүлүгүн көрсөтүп жатканын айтты.

Температурадан жаан-чачынга, дарыя деңгээлинен өлкө боюнча кургактыкка чейин көптөгөн экологиялык өзгөрүүлөрдү байкай ала турган жергиликтүү спутник «Джибути 1А» деп аталды.

Январда Жибути өлкөгө ракета жана спутник учуруу технологиясын алып келүү үчүн Гонконгдун аэрокосмостук технологиялар тобу менен 1 миллиард долларлык келишимге кол койгон.



Тектеш кабарлар