Израиль басма сөзү : "Тик учактар израилдик - хамастык деп бөлө албады"

Израилдин «Yedioth Ahronoth» гезити 7 - октябрда Хамастын Газадан жасаган чабуулуна Израилдин аба күчтөрүнө таандык тик учактардын кийлигишкен учурлары тууралуу кабар берди.

2063029
Израиль басма сөзү : "Тик учактар израилдик  -  хамастык деп бөлө албады"

7  - октябрда Палесина каршы чыгуу кыймылы Хамастын кол салуусуна кийлигишкен Израилдин аскердик тик учактарынын израилдик жарандар менен Хамастын мүчөлөрүнүн ортосунда тандоо менен бутага алууну  кийинки учурларда баштагандыгы айтылды.

Израилдин «Yedioth Ahronoth» гезити 7 - октябрда Хамастын Газадан жасаган чабуулуна Израилдин аба күчтөрүнө таандык тик учактардын кийлигишкен учурлары тууралуу кабар берди.

Кабарда Израиль армиясынын 9 - октябрдагы X социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн сүрөттөрү да колдонулду.

Апачи тик учактарынын негизги флоту Газа тилкесине жакын болгон Рамон аба базасында жайгашкан болсо да биринчи тик учактардын кол салуунун башталышынан бир сааттан кийин аймакка баргандыгы белгиленип,  тик учактардын Газа чек арасында тосмодогу боштуктардан Хамас мүчөлөрүнүн Израиль тарапка киришин токтотууну максат кылганы белгиленди.

Кабарда : «Тосмодон өткөн миңдеген кишиге карата кол салуулардын башталышындагы ылдамдыгы таң калтыруучу эле, учкучтар  кол салууларын акырындатты жана буталарды тыкандык менен тандашты»,- деп билдирилди.

Биринчи күнү жасалган операциялардын баш  - аламан болгондугу белгиленген билдирүүдө : «Ок атуу координациясы жана буталардын белгиленишинин маанилүү бир бөлүгү учкучтарга кургактык күчтөрүнөн  телефон аркылуу сүйлөшүүлөр же  WhatsApp аркылуу келип жаткан»,- деп айтылды.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин аль  -  Кассам бригадалары  7 -  октябрь күнү эрте менен Израилдин «Палестиналыктарга жана башта Месжид  -  и Акса болгон бардык ыйык жерлерге карата эреже бузууларына жооп кайтаруу» деген негиз менен чабуул баштап, Израиль армиясы да Газа тилкесин катуу бомбалай баштаган.

Чыңалуунун күч алуусу менен эки тараптан тең чоң жоготуулар болду.

 



Тектеш кабарлар