Косоводо согуш учурунда жасалган кылмыштар институту түзүлдү

Косовонун премьер-министри Альбин Курти бул институттун түзүлүшү элдин курмандыктарды ар дайым эстеп жүрүү үчүн моралдык милдет экенин айтты.

2062555
Косоводо  согуш учурунда жасалган кылмыштар институту түзүлдү

Косово өкмөтү 1998 - 99 - жылдардагы Косово согушунда Сербиянын жасаган кылмыштары боюнча институт түзүү чечимин чыгарды.

Косовонун премьер - министри Альбин Курти министрлер кабинетинин жыйынында Сербиянын Косоводогу согушта жасаган кылмыштары үчүн жооп бериши керектигин жана бул институттун түзүлүшү Сербия келтирген зыянды аныктоо боюнча өкмөттүн милдеттенмесинин бир бөлүгү экенин айтты.

"Согуштук кылмыштар адамзатка карата кылмыш жана геноцид өткөн күндө калган жок. Согуштун жаралары терең жана азыр да бар. Жаралар азыр да жаңы бойдон. Согушта жок болгон  1600дөн ашуун кишинин миңдеген жакыны үчүн бул жаралар азыр да жаңы бойдон. Дайынсыз жоголгондордун тагдырын тактоого артыкчылык беребиз. Бул жылы 11 жерде  болгон казууларда  согушта курман болгон алты сөөктүн калдыгы табылды",- деген  премьер-министр Курти : "Согуштун кылмышкерлерин жана келтирген зыяндарын документтештирүү менен  кайгыларын бөлүшүп, косоволук албандардын трагедиялуу тарыхын  таанытудабыз. Мунун максаты тарыхты сактоо жана өткөндү эстөө», - деди.

 

Косовонун премьер-министри Альбин Курти бул институттун түзүлүшү элдин курмандыктарды ар дайым эстеп жүрүү үчүн моралдык милдет экенин айтты.

Институттун башкы директору болуп дайындалган Атдхе Хетеминин милдети институттун планын жана жылдык ишинин отчетун берүү деп белгиленди. 

 

 



Тектеш кабарлар