Газага деңизден жардам коридору
Фон дер Ляйен Европарламенттин (ЕП) Башкы ассамблеясынын сессиясында сөз сүйлөдү.
Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Газага деңизден жардам коридору боюнча иштеп жатышканын билдирди.
Фон дер Ляйен Европарламенттин (ЕП) Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөгөн сөзүндө, Израилдин эл аралык гуманитардык укуктун негизинде өзүн коргоого укуктуу экенин кайталады жана: «Израилди колдоо керек, бирок Газадагы карапайым элге жардам берүү жана коргоо да ошончолук маанилүү. Набыт болгондордун саны жана палестиналык жарандардын азап чегип жатканы кайгыга салууда. Көз жаздымда калтыра албаган көрүнүштөр бар. Булар бизди, баарыбызды терең тынчсыздандырууда. Ошондуктан, Израилдин Хамас менен күрөшүү укугу болсо да, жарандардын курмандыктарын болтурбоо жана мүмкүн болушунча бутага гана сокку урууга аракет кылуусу абдан маанилүү, анткени ар бир адамдын өмүрү маанилүү»,-деди.
Европа Биримдигинин Газага бөлгөн жардамды 25 миллион еврого көбөйткөнүн эске салган фон дер Ляйен, жардамдын жалпы суммасынын 100 миллион еврого жеткенин, бирок негизги маселенин Газага жеткирүү экенин билдирди.
Фон дер Ляйен, "Рефах" чек ара капкасынан кирген жардам конвойлорунун чоң гуманитардык муктаждыктарга жетишсиз экенин баса белгилеп: «Ошондуктан Кипрден Газага деңизден коридор боюнча иштеп жатабыз»,- деди.
Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.
Буга жооп катары Израиль армиясы да согуштук учактар менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.
Чыңалуунун күчөшүндө эки тараптан тең миңдеген курмандыктар бар.
Тектеш кабарлар
Эверестке чыккан непалдык альпинист бир айдын ичинде экинчи жолу дүйнөлүк рекордду жаңылады
Ританын 8 миң 848 метрлик чокуга жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө жеткени айтылды.