CENTCOM Сирияда Иранга жакын топторго абадан чабуул жасагандыгын жарыялады

CENTCOMдун Х платформасынан берген билдирүүсүндө абадан чабуулдун Иранга караштуу Ислам төңкөрүш сакчылар корпусу  (IRGC) жана буга жакын топтор тарабынан колдонулган объектке жасалгандыгы маалымдалды.

2062489
CENTCOM Сирияда Иранга жакын топторго абадан чабуул жасагандыгын жарыялады

Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук командирлиги (CENTCOM) Сирияда Иранга жакын топторго абадан чабуул жасагандыгын жарыялады.

CENTCOMдун Х платформасынан берген билдирүүсүндө абадан чабуулдун Иранга караштуу Ислам төңкөрүш сакчылар корпусу  (IRGC) жана буга жакын топтор тарабынан колдонулган объектке жасалгандыгы маалымдалды. 

Билдирүүдө : "Кол салуулардын жооптууларына каршы элибизди коргоо үчүн керектүү бардык чараларды көрөбүз жана өзүбүз тандаган жер жана убакытта каршылык көрсөтөбүз",- деп айтылды. 

Бул абадан чабуулдардын Сирия жана Иракта мындан мурда да АКШ жарандарына карата жасалгандарга жооп экендиги белгиленген билдирүүдө Сириянын кайсы аймагында болгондугу жана жыйынтыгына байланыштуу маалымат берилген жок. 

 



Тектеш кабарлар