Газа жана Түндүк Газа аймагында 900 миң киши жашап жатат

Газадагы ички иштер министрлиги Израилдин мажбурлоо кысымына карабастан Газа тилкесинин Газа жана Түндүк Газа аймагында азыр да  900 миң кишинин жашагандыгын жарыялады.

2061681
Газа жана Түндүк Газа аймагында   900 миң киши жашап жатат

Газадагы ички иштер министрлиги Израилдин мажбурлоо кысымына карабастан Газа тилкесинин Газа жана Түндүк Газа аймагында азыр да  900 миң кишинин жашагандыгын жарыялады.

Ички иштер министрлигинин катчысы Ияд  ел  -  Безм өткөргөн пресс  - жыйынында бир айдан бери Израилдин катуу кол салууларына дуушар болгон блокада астындагы Газа тилкесиндеги акыркы абалга байланыштуу маалымат берди.

Израиль кол салууларынан улам Газада начарлаган гуманитардык абалга көңүлдөрдү бурган Безм  Газа жана Түндүк Газа аймактарында ичүүчү суунун жок экендигин ошондуктан адамдардын булганган суу ичүүгө мажбур болгонун айтты.

Безм Израиль системалуу түрдө бутага алган бул аймактардагы наабайканалардын да иштебей калганын билдирди.

Газа жана Түндүк Газадагы баш калкалоочу борборлордо жашаган адамдардын да Израилдин кол салууларынын бутасы болгонун белгилеген Безм, ал жерде учурда болжол менен 900 миң кишинин жашап жатканын айтты.

Хамастын куралдуу канаты аль - Кассам бригадалары Израилдин палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Месжид – и Аксага каршы тынымсыз мыйзам бузууларына жооп берүү деген негиз менен 7-октябрь күнү эрте менен кеңири чабуулду баштаган. Акса мечитинде, Израиль армиясы да Газа тилкесине катуу абадан сокку урду.

Күч алган чыңалууда  эки тараптан тең миңдеген киши каза болду.



Тектеш кабарлар