Эң эски кара тешик табылды

Окумуштуулар ааламдын пайда болушуна себеп болгон «Чоң жарылуудан» 470 миллион жыл өткөндөн кийин пайда болгон эң эски кара тешикти табышты.

2061588
Эң эски кара тешик табылды

Окумуштуулар ааламдын пайда болушуна себеп болгон «Чоң жарылуудан» 470 миллион жыл өткөндөн кийин пайда болгон эң эски кара тешикти табышты.

Америка Кошмо Штаттарынын  Авиация жана космос агенттигинин  жазуу түрүндөгү жарыясына караганда астрономдордон турган изилдөө тобу «Чоң жарылуудан» 470 миллион жылдан кийин  пайда болгон, бүгүнкү күнгө чейин билинген эң эски кара тешикти тапты.

Джеймс Уэбб космостук телескобунан алынган маалыматтарга караганда, табылган кара тешик Жерден 13,2 миллиард жарык жылы алыстыкта ​​жайгашкан.

Окумуштуулар изилдөөнүн жыйынтыктарын "алгачкы ааламдын чоң сүрөтүн толтуруу" үчүн колдонууну пландаштырууда.

 

Бул ачылыштар ааламдагы биринчи супермассивдүү кара тешиктердин кээ бирлери кантип пайда болгондугу жөнүндөгү теорияларды өркүндөтүшү мүмкүн экендиги болжолдолууда.

Изилдөөгө салым кошкон Принстон университетинин доктору Энди Гулдинг кара тешиктер пайда болгондон кийин канчалык ылдам өсө тургандыгы тууралуу   физикалык чектөөлөрдүн бар экендигин,   бирок чоңураак болуп жаралгандардын артыкчылыкка ээ экендигин белгиледи. 

 

Йель университетинин астрофизиги Приямвада Натаражан бул ачылышты кээ бир кара тешиктердин чоң газ булуттарынан пайда болушуна байланыштуу  "ушул кезге табылган эң жакшы далил" деп сыпаттады жана биринчи жолу супермассивдүү кара тешик пайда болгон кыска фазаны көргөнүн белгиледи. 

Изилдөө Nature Astronomy журналында жарыяланды.

 

 



Тектеш кабарлар