Автралиянын премьер  - министри Кытай менен "тоскоолдуксуз" сооданы максат кылууда

Австралиянын премьер-министри Энтони Албанезе кытайлык кесиптеши Ли Цян менен жолугушууда Кытай менен “эркин жана тоскоолдуксуз сооданы калыбына келтирүүгө” чакырды.

2061569

Жети жылдан кийин  Кытайга келген биринчи австралиялык лидер Албанес жасаган билдирүүсүндө  Кытай менен карым  - катнаштар өнүктүрүлө ала турган тармактар катары клматтык  кризис,  азык  - түлүк коопсуздугу жана  чек ара тышындагы кылмыштуулук деп белгиледи. 

Австралиянын негизги союздашы болгон АКШ менен Кытайдын арасында күч алган чыңалууга токтолгон Албанезе геостратегиялык  атаандаштыктын "диалог жана түшүнүшү жолу менен" каралышы керетигин белгиледи. 

Ушул кезге чейин Кытай ишке ашырган расмий тарифтер жана расмий болбогон соода тоскоолдуктары австралиялык  экспортчуларга көмүр, шарап, уйдун эти, арпа жана ушул сыяктуу продукцияларда жылда 20 миллиард Австралия долларына (13 миллиард доллар) жеткен чыгым алып келди. 

Кытай жана Австралия өткөн бир канча айда  соода маселелерине карата чечүүчү жолдор боюнча иштешкендерине байланыштуу белги берген. 

Тектеш кабарлар