Герапетритис: "Афина бардык коңшу өлкөлөр менен жакшы карым-катнаштарды улантууну каалайт"

Герапетритис «To Vima» гезитине интервью берди.

2060650
Герапетритис: "Афина бардык коңшу өлкөлөр менен жакшы карым-катнаштарды улантууну каалайт"

Грециянын тышкы иштер министри Гиоргос Герапетритис, Түркия менен көйгөйлөрдү «жемиштүү диалог» менен чечүүнү каалашкандарын айтты.

Өлкөсүндөгү «To Vima» гезитине интервью берген Герапетритис, Афинанын Түркия баш болгон бардык коңшу өлкөлөр менен жакшы карым-катнаштарды улантууну каалаганын белгиледи.

Грек министр: «Түркия менен жемиштүү диалог курууну каалайбыз. Өз ара пайдалуу келишимдерге алып келе турган диалог үчүн негиз бар. Жарандык коргонуу, миграция саясаты жана туризм сыяктуу темалар эки өлкөнүн ортосунда позитивдүү келишимдер түзүлсө боло турган тармактар»,- деди.



Тектеш кабарлар