Хания Газада Израилдин АКШнын колдоосу менен эл аралык мыйзамдарга каршы чыккандыгын белгиледи

Хания берген жазуу түрүндөгү маалыматында Израилдин Газада «ооруканаларга системалуу түрдө кол салуусун» айыптады.

2060256
Хания  Газада Израилдин АКШнын колдоосу менен эл аралык мыйзамдарга каршы чыккандыгын белгиледи

Хамастын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Хания Израилдин блокада астындагы Газа тилкесинде 3 ооруканага карата кол салуусуна каршылык көрсөтүп, Израилдин АКШнын колдоосу менен эл аралык мыйзамдарга каршы чыккандыгын белгиледи.

Хания берген жазуу түрүндөгү маалыматында Израилдин Газада «ооруканаларга системалуу түрдө кол салуусун» айыптады.

Хания  Изриаль күчтөрүнүн Газадагы Шифа ооруканасы, Кудс ооруканасы жана Индонезия ооруканасына карата кол салууларына байланыштуу : «Бул кыргындар баскынчы Израилдин жана кургактык күчтөрүнүн туңгуюкка кептелгенин көрсөтүүдө»,-деди.

Хамас лидери : «Бул мыкаачылык АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Израиль сапары менен бир убакка туш келиши,  АКШнын Израилдин баскынчылыгына  жашыл жарык жагышы жана ачыкча колдоосунун бир жыйынтыгы болуусу менен бирге бардык гуманитардык баалуулуктарга жана  эл аралык мыйзамдарга каршы чыгуу»,- деди.

Египетти «Газадагы боордошторуна каршы жоопкерчилигин орундатуу үчүн Рефах чек ара капкасын толугу мене ачууга чакырган Хания араб жана ислам дүйнөсүнө да «кыжырдануусун билдирүүнү улантууга» чакырды.

 



Тектеш кабарлар