Пентагон ок атышууну токтотууну эмнеге колдобогондорун түшүндүрдү

Пентагондун басма сөз катчысы генерал Пэт Райдер маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2059721
Пентагон ок атышууну токтотууну эмнеге колдобогондорун түшүндүрдү

Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги (Пентагон), Хамастын «жанданышына» алып келет деген кооптонуулардан улам Израиль менен Хамастын ортосундагы ок атышпоону колдобогондорун билдирди.

Пентагондун басма сөз катчысы генерал Пэт Райдер маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Райдер Газа тилкесиндеги жаңжалга байланыштуу: «Хамаска кайрадан калыбына келиши үчүн убакыт бере турган жана Израиль жарандары менен башкаларга коркунуч туудура турган ок атышпоону колдобойбуз»,-деп айтты.

«АКШнын президенти Жо Байдендин Газа тилкесине гуманитардык жардамдын кирүүсүн жана туткундар менен башка жарандардын кетишине уруксат берилиши үчүн гуманитардык тыныгууну колдогонун уктум» деген Райдер, коргоо министри Ллойд Остиндин да кесиптештери менен өткөргөн жолугушууларында аймактагы палестиналык жарандарга гуманитардык жардамдын жеткирилишин сүйлөшкөнүн белгиледи.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан болсо: «Согуштагы ар кандай тыныгуу Хамаска пайда алып келет. Бул чындык. Бул жерде бир топ татаал фактылар бар. Гуманитардык тыныгуу туткундарды бошотуу үчүн жакшы болмок. Бирок Хамас муну өз кызыкчылыгына колдоноруна ишенсеңиз болот»,-деп сереп салды.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары Израилдин «Палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Акса мечитине карай тынымсыз мыйзам бузууларына жооп катары» 7-октябрдын таңында кеңири чабуулду, Израиль армиясы да Газа тилкесине катуу абадан бомбалоону баштаган.

Чыңалуунун күчөшүндө эки тараптан тең миңдеген өлүм бар.



Тектеш кабарлар