Абдуллахиян менен Хания Палестинадагы акыркы абалдар тууралуу сүйлөштү
Абдуллахиян X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө Хания менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирди.
Ирандын тышкы иштер министри Хусейин Эмир Абдуллахиян менен Хамастын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Палестинада болгон зомбулук окуяларын талкуулашты.
Абдуллахиян X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө Хания менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирди.
Хания менен кечинде болгон сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу : «Палестинада Газа тилкеси жна Батыш Шериадагы акыркы абалдарды сүйлөштүк жана пикирлерибизди билдирдик»,- деди Абдуллахиян.
Абдуллахиян менен Хания акыркы жолу 31 - октябрда Катардын борбору Дохада жолугушкан.
Хамастын куралдуу канаты Иззеддин аль - Кассам бригадалары 7 - октябрь күнү эрте менен Израилдин «Палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Месжид - и Аксага каршы тынымсыз эреже бузууларына жооп берип жатат» деген негиз менен чабуул баштаган. Израиль армиясы да Газа тилкесине абадан бомбалоону баштады.
Чыңалуунун күчөшүндө эки тараптан тең миңдеген киши каза болду.