Байденге Газа реакциясы

Лидерлер президент Байденди ок атышууну дароо токтотуу үчүн Израилге болгон таасирин колдонууга чакырышты.

2059255
Байденге Газа реакциясы

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Израилге шартсыз колдоо көрсөтүүсү жана Газадагы кыргынга үн катпашы өлкөдөгү мусулмандардын реакциясын жаратууда.

Өлкөдөгү мусулмандар жана Демократиялык партиянын айрым мүчөлөрү АКШнын президенти Жо Байденди Газада ок атышпоо үчүн кадам таштоого чакырып, антпесе жүз миңдеген мусулман шайлоочунун 2024-жылдагы президенттик шайлоодо Жо Байденди колдобой турганын эскертишти.

Улуттук Мусулман Демократиялык Кеңеши Байденге берген мөөнөт шейшемби күнү АКШнын чыгыш бөлүгүнүн убактысы боюнча кечки саат беште бүттү.

Мусулман лидерлер “2023-жылы ок атышпоо ультиматуму” деп аталган ачык катында, АКШлык мусулман шайлоочулар “Израилдин Палестина элине кол салуусуна унчукпаган кандайдыр бир талапкерге колдоо көрсөтпөө жана добуш бербөөлөрү үчүн” аракет кыла тургандыктарын билдиришти.

Кеңеш Байденге жолдонгон катта: «Бийлигиңиздин каржылоону жана куралданууну да камтыган шартсыз колдоосу, карапайым калктын курмандыктарына алып келген зордук-зомбулукту улантууда маанилүү роль ойноду жана мурда сизге ишенген шайлоочулардын ишенимин солкулдатты»,- деп билдирди.

Лидерлер президент Байденди ок атышууну дароо токтотуу үчүн Израилге болгон таасирин колдонууга чакырышты.

Байденге дагы бир реакция Миннесотадагы жыйында болду.

Басма сөзгө жабык өткөн жыйында бир аял ордунан туруп: «Урматтуу президент, раввин катары сизден тез арада ок атышууну токтотууга чакырууңузду каалайм», - деди.

Аялды кызматкерлер залдан алып чыгышты. Тынчтыкты жактаган жөөт топтору, бул аялдын раввин Жессика Розенберг экени тууралуу маалыматты социалдык медиа аркылуу бөлүштү.

Байден жыйын өткөргөн имараттын жанында миңден ашуун адам, палестиналыктарды колдогон митинг өткөрүштү.

Палестинанын желектерин көтөргөн демонстранттар "Балдарды бомбалоону токтоткула", "Палестинага эркиндик" жана "Дароо ок атышпоо" деген жазууларды көтөрүп жүрүштү.

Бир тараптан Англиянын борбор шаары Лондондо премьер-министрлик имаратынын алдына чогулган демонстранттар Англиянын премьер-министри Риши Сунак менен жолугушкан АКШнын вице-президенти Камала Харриске каршы чыгып, «Газада ок атышууну тез арада токтотууга» чакырышты.



Тектеш кабарлар