Бириккен Улуттар Уюмунун  Коопсуздук Кеңешинде Украинадагы окуялар талкууланды

Украинада Россия менен согуш башталган  2022 -  жыл  24 -  февралдан бери 9 миң 900 жаран каза болуп, 10 миллион киши жер которду.

2058802
Бириккен Улуттар Уюмунун  Коопсуздук Кеңешинде Украинадагы окуялар талкууланды

Украинада Россия менен согуш башталган  2022 -  жыл  24 -  февралдан бери 9 миң 900 жаран каза болуп, 10 миллион киши жер которгон.

Бириккен Улуттар Уюмунун  Коопсуздук Кеңешинде Украинадагы окуялар талкууланды.

Бул жерде мүчө өлкөлөргө маалымат берген БУУнун гуманитардык жардам координациялык кеңсесинин (OCHA) Женевадагы өкүлү жана координациялык бөлүмүнүн директору Рамеш Раджасингхам Украинада гуманитардык жардамга муктаждыктын чоң экендигине көңүлдөрдү бурду.

Раджасингем Украинада 18 миллионго жакын адамдын жардамга муктаж экендигин мунун коомдун 40 пайызын түзгөнүн белгиледи.

Өлкө ичинде жана тышында 10 миллион кишинин жер которууга аргасыз болгонун белгилеген Раджасингхам акыркы маалыматтарга караганда 9 миң 900 жарандын каза болгондугун айтты.

 

Чыныгы сандардын мындан да жогору болушу мүмкүн экенин эскерткен Раджасингем : «Согуш улантылган сайын гуманитардык жардам уюмдары үчүн чөйрө кооптуу боло баштады, согуш башталгандан бери 14 гуманитардык жардам кызматкери каза болду»,-деди. 

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматына караганда согуш башталгандан бери саламаттыкты сактоо мекемелерине 1300 кол салуу болгонун белгилеген Раджасингхам 111 медицина кызматкери жана бейтаптын каза болгонун белгиледи. 

 

 



Тектеш кабарлар