Японияда куралдуу бир киши оорукана жана почтаны басып алды

Почтанын айланасындагы ишканалар коопсуздук үчүн жабылды.

2058376
Японияда куралдуу бир киши оорукана жана почтаны басып алды

Японияда бир ооруканага куралдуу кол салуу жасап, эки кишини жарадар кылган кол салуучу, андан кийин почтаны басып алып, ичиндеги адамдарды барымтага алган.

Өлкөнүн Сайтама провинциясындагы Тода шаарында ооруканага куралдуу кол салуу болду.

Полициянын билдирүүсүндө кол салууда бир дарыгер жана бир улгайган бейтаптын жаралангандыгы белгиленди.

Мотоцикл менен качкан кол салуучу  Вараби шаарына барып, бул жолу почтадагы адамдарды барымтага алган.

Окуяга күбө болгондор кол салган адамдын  40 - 50 жашта экендигин  айтышкан.

Почтанын айланасындагы ишканалар коопсуздук үчүн жабылды.



Тектеш кабарлар