Египетте Нувейбе шаарына да   учкучсуз учуучу аппаттар менен бобма атылды

Полковник Абдулхафыз 6 киши жараланган окуянын изилденгендигин билдирди.

2056797
Египетте Нувейбе шаарына да   учкучсуз учуучу аппаттар менен бобма атылды

Египеттин Израилге жакын жердеги Таба шаарына учкучсуз учуучу аппарат жана Нувейбе шаарына да   учкучсуз учуучу аппатар менен бобма атылды. 

Египет армиясынын катчысы, полковник Гариб Абдулхафыз  Таба шаарында бир имараттын үстүнө "белгисиз" бир учкучсуз учуучу аппаратынын кулап түшкөндүгүн ырастады. 

Полковник Абдулхафыз 6 киши жараланган окуянын изилденгендигин билдирди. 

Египеттеги Аль  -  Каир телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда Сина жарым аралынын түштүк  - чыгышында Акабе булуңунун жээгиндеги Нувейба шаарына ракета келип  түшкөн. 

Египеттик жетекчилер окуя тууралуу териштирүү баштатты. 

Израил армиясынын басма сөз катчысы Авичай Адрае да X социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Кызыл деңиз аймагында аба коркунучу аныкталганын жана аймакка аскердик  учактардын  жөнөтүлгөнүн жарыялады.

Окуяга байланыштуу иликтөөнүн уланып жатканын белгилеген Адрае, Нувейбага түшкөн ракетанын сөз болгон коркунучтан улам келип чыкканы болжолдолгонун айтты.

Адрае : «Израиль аймактын коопсуздугун коргоо үчүн Кызылдин айланасынан  келе турган коркунучтарга каршы АКШ жана Египет менен иштешет»,-деди.

 



Тектеш кабарлар