Армения Россияга нота берди

23 - октябрда Россиянын 1 - каналында “Никол Пашинян: кырсыктын жарчысы” деген аталыштагы саясий мазмундагы берүү көрсөтүлдү.

2056747
Армения Россияга нота берди

Армениянын тышкы иштер министрлигинин белгилегенине караганда нота орус   каналында жарыяланган жана Армениянын жогорку даражадагы бюрократтарына карата «кемсинтүүчү жана кабыл алынгыс сөздөрдү» камтыган программадан улам берилди.

23 - октябрда Россиянын 1 - каналында “Никол Пашинян: кырсыктын жарчысы” деген аталыштагы саясий мазмундагы берүү көрсөтүлдү.

Программада Карабахтагы кырдаалдын алкагында Армениянын премьер - министри Никол Пашинян жана  жубайы Анна Акопянга карата сындар айтылды.

Мындан мурда ТРТ Россия каналы билдиргендей Баку башкаруусу  19 -  сентябрда конституциялык тартибин кайрадан түзүү үчүн Карабахта жергиликтүү антитеррордук  операция баштаган. 20 -  сентябрда Азербайжан  операциясынын токтотулгандыгын жарыялады. Ок атышпоо келишими Карабахтагы жикчил куралдуу топтордун куралдарын таштап таркашына, армян аскерлеринин да аймактан чыгып кетүүсү белгиленген.

 



Тектеш кабарлар