Израилдин Газага кол салуулары...

Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAнын маалыматына караганда, Газа тилкесинин батышындагы Шати качкындар лагериндеги бир үйгө абадан кол салууда каза болгондор жана жарадар болгондор бар.

2055475
Израилдин Газага кол салуулары...

Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги күчтүү кол салуулары 19-күнгө кирип таң атканга чейин үзгүлтүксүз уланды.

Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAнын маалыматына караганда, Газа тилкесинин батышындагы Шати качкындар лагериндеги бир үйгө абадан кол салууда каза болгондор жана жарадар болгондор бар.

Израилдик согуштук учактар ​​Нусайрат качкындар лагериндеги аль-Фараж мечитинин айланасына, Хан Юнустун чыгышындагы Бени Сехиле жана Зейтун райондоруна, Италиянын асман тиреген имаратынын жанындагы бир үйгө жана Кудс ооруканасынын жанындагы Эль-Хелис батирине кол салды.

Аймактагы булактардан алынган маалыматка караганда Газадагы Хан Юнус шаарынын түштүгүндөгү Кизан аль-Наджар аймагындагы «Бүйүк үй-бүлөсүнө» таандык үй абадан кол салуу менен бомбаланды. Кол салууда 6 адам каза болду.

Aksa телеканалы Газадагы Эль-Жала көчөсүндөгү Хаттин мечитинин Израилдин согуштук учактары тарабынан бомбаланганын жарыялады.

Израил күчтөрүнүн Газа тилкесинде 7-октябрдан бери жасаган кол салууларында талкаланган мечиттердин саны 33кө жетти.

Газа тилкесинин Египеттин чек арасына жакын жайгашкан Рефах шаарындагы Абу Сауд үй-бүлөсүнүн үйү Израилдин учактары тарабынан бомбаланды. Кол салууда каза болгон жана жаралангандардын бар экени билдирилди.

Израиль армиясынын согуштук учактардын коштоосунда басып алган Батыш Шериадагы Женин шаарына кол салуусунан 4 палестиналык каза болуп, көп сандаган киши да жаракат алды. Рейд менен бир убакта Израиль күчтөрүнүн шаардагы электр жарыгын өчүргөнү белгиленди. Израиль аскерлери менен палестиналык каршылык көрсөтүү топторунун ортосунда кагылышуулар болду.

Хамастын куралдуу канаты Изз ад-Дин ал-Кассам бригадалары 7-октябрда эртең менен Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаган.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Ушул күнгө чейин Газадан жасалган чабуулдарда 1400 израилдик, анын ичинде 308 аскер каза болуп, 5132 израилдик жаракат алды.

Палестинанын Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин кол салууларында 2704ү бала жана 1584ү аял болгон 6546 палестиналыктын каза болгонун жарыялады.

Оккупацияланган Батыш Шериада 90дон ашуун палестиналык Израиль аскерлери менен жөөт отурукташуучулардын кол салууларынан каза болду.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Израиль менен Хамастын кагылышуулары башталган 7-октябрдан 24-октябрга чейин Израилдин саламаттыкты сактоо кызматтарына жасаган чабуулдары боюнча жаңы отчетун жарыялады.

Маалыматка ылайык, басып алынган Палестина аймактарында саламаттыкты сактоо кызматтарына 171 кол салуу болгон.

Кол салууларда 493 киши, анын ичинде 16 нөөмөттөгү медицина кызматкери каза болуп, 387 киши жараланды.

Израилдин кол салууларынын 96сы басып алынган Чыгыш Кудс менен Батыш Шериада, 75и блокададагы Газа тилкесинде болду.



Тектеш кабарлар