Антарктидада биринчи жолу куш тумоосу кездешти

Окумуштуулар континентте биринчи жолу кездешкен вирустун Антарктидадагы жапайы жаныбарлардын бай популяциясына кыйратуучу таасир тийгизиши мүмкүн экендигин ойлошууда.

2055729
Антарктидада биринчи жолу куш тумоосу кездешти

Антарктидада биринчи жолу куш тумоосу (H5N1) вирусу аныкталды.

The Guardian гезитинин жазганына караганда, окумуштуулар Британиянын деңиздин ары жагындагы аймактарынын бир бөлүгү болгон Канаттуулар  аралындагы чымчыктардын бир түрүнөн H5N1 вирусунун табылганын жарыялашты.

Окумуштуулар континентте биринчи жолу кездешкен вирустун Антарктидадагы жапайы жаныбарлардын бай популяциясына кыйратуучу таасир тийгизиши мүмкүн экендигин ойлошууда.

Британиянын Антарктика изилдөө институтунан (BAS) Эшли Беннисон аралдагы канаттуулардан алынган үлгүлөрдүн H5N1 үчүн оң болгонун билдирди.

Беннисон : "Бул снааркатуучу абал. Аралдагы түрлөрдү колубуздан келишинче байкоону улантабыз. Бирок азыркы учурда вирустун  таасирине толук ишене албайбыз",- деди. 

Антарктика изилдөөлөрүнүн илимий комитети тарабынан аймакка жеткен куш тумоосунун таасири боюнча берилген отчетунда аймактагы пингвиндер менен бирге жүндүү тюлень, деңиз арстандары, скуа жана чардактардын да коркунучта экендиги белгиленди.

Отчеттун башкы авторлорунун бири доктор Меаган Дьюар, оорунун жайылышы аймактагы жапайы жаратылыштын жана Антарктидадан келген жандыктардын келечегине кыйратуучу таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин айтты.  

 



Тектеш кабарлар