Аббас - Макрон жолугушуусу

Аббас оккупациядагы Рамаллада Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту.

2055529
Аббас    - Макрон жолугушуусу

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Газа тилкесинде болгондордун жоопкерчилиги  Израилдин оккупациялык башкаруучулугунун агрессивдүү аракеттери жана анын тереңдешин колдогон  өлкөлөрдө экенин айтты.

Аббас оккупациядагы Рамаллада Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту.

Палестина телекөрсөтүүсү Аббас  -  Макрон жолугушуусунан кийин  жасалган билдирүүлөрдү жарыялады.

Палестинада болгондордун жоопкерчилиги Израилде экенин белгилеген Аббас, Израилдин агрессиясын тереңдетүүсүн колдогон өлкөлөрдүн да бирдей жоопкерчиликти бөлүшкөндүгүн баса белгиледи.

Аббас толук ок атышпоо, коопсуздук коридорунун ачылышы, суу, электр, күйүүчү май жана башка муктаждыктардын камсыздалышын талап кылгандарын белгилеп кааласа Газа, кааласа Батыш Шериа болсун палестиналыктардын жерлеринен жана үйлөрүнөн алынып Палестинадан көчүрүлүшүнө каршы экендерин кайталады. 

БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги тараптарга жана француз кесиптешине Израиль кол салууларынын дароо токтошу, эл аралык тынчтык конференциясын өткөрүү жана саясий чечүүчү жолго өтүүгө чакырган Махмуд Аббас : "Газа тилкеси  оккупацияланган жерлердин бир бөлүгү. Газа тууралуу   жарым - жартылай же коопсуздукка багытталган чечимди четке кагабыз. Кенен масштабдуу саясий чечимди каалайбыз",- деди. 

Макрон да : "Эч нерсе эч бир жерде террордук зомбулукту актай албайт",- деп Палестина калкына жана Хамас баштаган кол салуудан кийинки зомбулукта каза болгондордун баары үчүн көңүл айтты. 

Макрон тынчтык жана коопсуздук демилгесинин үч негиз боюнча түзүлүшү керектигин белгилеп,  булардын "террордук топтор менен күрөшүү, жарандардын коргоого алынышы жана саясий иштердин кайрадан башталышы" деп классификациялады.

Француз лидер бир канча сааттык Рамалла сапарынан мурда  "Израиль менен тилектештик сапарын"  жасап, бул жерде : "Террордук топтор менен согуш" деп атаган "эл аралык коалицияны курууга" чакырган. 

 



Тектеш кабарлар