Трамп кайра шайлана турган болсо "идеологиялык текшерүүлөрдү" кайрадан ишке киргизет
Трамп шайлоо үгүтү үчүн барган Нью - Гэмпширде сүйлөгөн сөзүндө : «Бардык мигранттарга күчтүү идеологиялык текшерүү жүргүзөм»,-деди.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2024 - жылы президенттик шайлоодо кайрадан шайлана турган болсо, саякатка тыюу салууну жана мигранттарга карата "идеологиялык текшерүүлөрдү" кайрадан ишке киргизерин билдирди.
Трамп шайлоо үгүтү үчүн барган Нью - Гэмпширде сүйлөгөн сөзүндө : «Бардык мигранттарга күчтүү идеологиялык текшерүү жүргүзөм»,-деди.
АКШнын президенти Жо Байдендин башкаруусунда миллиондогон мыйзамсыз мигранттын АКШга киргенин айткан Трамп бул мигранттарды депортациялоо планын дагы кайталады.
Трамп : "Эгерде Американы жек көрсөңүз Израилди жок кылууну кааласаңыз, динибизди жакшы көрбөсөңөр, бир тобу да жакшы көрбөйт, жихатчыларды жактырсаңар анда силерди өлкөбүздө каалабайбыз",- деди.
Байденди "жөндөмсүүздүк менен" жана АКШны акыркы орунга түртүү менен күнөөлөгөн Трамп Израиль - Палестинанын ортосундагы кагылышууларды белгилеген Жакынкы Чыгыштагы баш - аламандыктан Байдендин жооптуу экендигин айтты.