Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Палестина-Израиль күн тартиби менен чогулду

Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Люксембургда өткөрүлгөн ЕБнин тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында билдирүү жасады.

2054583
Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Палестина-Израиль күн тартиби менен чогулду

Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Палестина-Израиль жаңжалы жана Газага гуманитардык жардамдардын жеткирилиши менен катар Украина жана Карабах сыяктуу маселелерди талкуулоо үчүн чогулду.

Люксембургда өткөрүлгөн ЕБнин тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында билдирүү жасаган Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, Хамастын Израилге кол салуусу жана андан соң Израилдин Газаны бомбалоосунан кийин аймакка чукул гуманитардык жардам жөнөтүлүшү керектигин айтты.

Боррель акыркы кагылышуулардан мурда Газага күнүнө 100дөн ашуун гумжардам ташыган унаанын киргенин эске салды.

Күнүнө 20 жүк ташуучу унаага уруксат берүүнүн азыр жетишсиз экенин баса белгилеген Боррель, күткөн жүк ташуучу унааларга дароо уруксат берүү менен күйүүчү май, суу жана электр муктаждыгын камсыз кылуунун маанисине көңүл бурду.

Боррель тышкы иштер министрлеринин бүгүнкү жыйынына Евробиримдиктин гуманитардык жардамдан жооптуу мүчөсү Янез Ленарчичтин да катыша турганын билдирди.

Гуманитардык жардамдардын жеткирилиши үчүн кагылышууларга тыныгуу берилиши керектигине басым жасаган Боррель: «Бүгүн биз Бириккен Улуттар Уюмунун кагылышууларга тыныгуу берилишине карата чакырыгын да талкуулайбыз. Бул барымтадагылар үчүн да зарыл»,- деди.

Боррель алардын приоритетинин гуманитардык абал экенин, андан соң көптөн бери четте калган Жакынкы Чыгыш Тынчтык жараянын кантип жандантуу жөнүндө да ойлонуу керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар