ПКК/ЙПГ 2 кызды уурдады

ПКК/ЙПГ уурдаган балдарды өз катарына кошууну улантууда.

2053726
ПКК/ЙПГ 2 кызды уурдады

ПКК/ЙПГ террордук уюму Сириянын түндүк чыгышында оккупацияга алган Камышлы районунан 2 кызды дагы уурдады. 

ПКК/ЙПГ уурдаган балдарды өз катарына кошууну улантууда. 

17 -  октябрда Хасекенин Камышлы районунан  14 - 15  жаштардагы 2 кыз террористтер тарабынан уурдалды. 

Террордук уюм уурдаган балдардын үй  -  бүлөлөрү менен байланыш түзүшүнө тоскоол болду. Уюм  уурдаган балдарды курал  менен машыктыруу үчүн лагерлерге алып барууда. 

ПКК/ЙПГ террористтери июль айында Хасеке облустук борборунан 6, Камышлы районунан 7,  Манбиж районунан  4 жана Халептеги Шейх Максуд мааласынан 1 баланы уурдаган. 

 



Тектеш кабарлар