Нигерия менен Европа Биримдигинин ортосунда каржылоо келишимине кол коюлду

Нигерия менен Европа Биримдиги  саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба сыяктуу тармактардагы өнүгүү долбоорлору үчүн 900 миллион евролук каржылоо келишимине кол коюшту.

2053706

Европа Биримдигинин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Жутта Урпилайнен менен Нигериянын бюджет жана экономикалык пландоо министри Абубакар Багуду борбор шаар Абуджада өткөрүлгөн Европа Биримдиги  - Нигерия стратегиялык диалог программасында саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба сыяктуу тармактардагы өнүгүү долбоорлору үчүн 900 миллион евролук каржылоо келишимине кол коюшту.

Урпилайнен  билдирүүсүндө Европа Биримдигинин коопсуздук, демократия жана өнүгүү приоритеттерин инвестициялоону уланта тургандыгын белгиледи.

Өнөктөштүктөрүн дагы да чыңдоо үчүн Нигерияга келгенине кубанычтуу экенин билдирген Урпилайнен Европа Биримдигинин  Глобалдык өткөөл стратегиясынын алкагында жаңы иш планын ишке киргизүүнү жана Европа Биримдигинин өкмөт приоритеттерине колдоо көрсөтүүнү чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгын айтты.

Нигерия менен Европа Биримдигинин ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында фонд акылдуу айыл чарбаны, туруктуу энергияны, саламаттыкты сактоо жана билим берүүнү колдоо үчүн колдонулат.

Тектеш кабарлар