Россия Түркиянын кепилдик формуласын сүйлөшүүгө жана карап чыгууга даяр экендигин айтты

Орус Тасс маалымат агенттигинин билдиргенине караганда Лавров Түндүк Кореянын борбор шаары Пхеньяндагы жолугушууларынан кийин журналисттердин Израиль  -  Палестина кагылышуусуна байланыштуу суроолоруна  жооп берди.

2053123
Россия  Түркиянын кепилдик формуласын сүйлөшүүгө жана карап чыгууга даяр экендигин айтты

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркиянын Израиль  -  Палестина кагылышуусунун тараптарларына кепил өлкөлөрдү түзүү формуласын сүйлөшүүгө жана карап чыгууга даяр экендигин айтты. 

Орус Тасс маалымат агенттигинин билдиргенине караганда Лавров Түндүк Кореянын борбор шаары Пхеньяндагы жолугушууларынан кийин журналисттердин Израиль  -  Палестина кагылышуусуна байланыштуу суроолоруна  жооп берди. 

Түркия  ортого салган Израиль  -  Палестина маселесинде туруктуу тынчтык үчүн тараптардын кепил өлкөлөрү боло турган бир система пикирине байланыштуу баа берген Лавров : "Бардык конструктивдүү сунуштарды сүйлөшүүгө даярбыз. Бул демилге чыңалууну түшүрүү жана абалды калыбына келтирүүнү каалоодон келип чыгууда",- деди. 

Лавров бардык мамиленин тараптардын кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна негизделиши керектигин жактагандарына көңүлдөрдү буруп : "Түркиянын инциативи ушундай тең салмактуулукту түзүү каалоосунан чыгып жатат. Муну карап чыгуу үчүн кызматташуу түзүүгө даярбыз",- деди. 

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Израиль  -  Палестина маселесинде туруктуу  тынчтык үчүн тараптардын кепилдери боло турган бир система пикирин ортого салгандарын билдирген. 

Палестина үчүн Түркиянын, Израиль үчүн да башка өлкөлөрдүн  кепил боло аларын белгилеген Фидан : "Эки тарап тең макулдаша турган бир келишим түзүлгөндөн кийин мунун негиздеринин орундатылышы менен кепил өлкөлөр жоопкерчиликти ала алат",- деген. 

Кассам Бригадалары 7 -  октябрда Израилге "Акса топону" аттуу кол салуу баштагандыгын жарыялаган. 

газадан Израиль багытына миңдеген ракета атылып, куралдуу топтор да аймактагы отурукташуу жерине кирген. 

Израиль армиясы жа аскердик учактар менен Газа тилкесине "Темир кылычтар" операциясын баштагандыгын билдирген. Күч алган чыңалууда эки тараптан тең миңдеген киши курман болду. 

 

 



Тектеш кабарлар