Израилдин Батыш Шериа жана Чыгыш Кудска жүргүзгөн катаал тинтүүүлөрү...

Батыш Шерианын көптөгөн шаарлары жана кыштактары израилдик аскерлердин ар кандай чабуулдарына дуушар болушту.

2053071
Израилдин Батыш Шериа жана Чыгыш Кудска жүргүзгөн катаал тинтүүүлөрү...

Израиль армиясынын басып алган Батыш Шериадагы Тулкерим шаарындагы Нур Шамс качкындар лагерине камикадзе учкучсуз учуучу аппараты менен жасаган кол салууда 4 палестиналык каза болду.

Израиль армиясы эртең мененки сааттан бери Нур Шамс качкындар лагерине чабуул жасоодо.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Нур Шамс баш калкалоочулар лагерине кол салган Израиль армиясынын 4 палестиналыкты набыт кылганын билдирди.

7-октябрдан бери оккупацияланган Батыш Шериада израилдик аскерлер жана жөөт отурукташкандары тарабынан өлтүрүлгөн палестиналыктардын саны 73кө жетти.

Израиль армиясынын басып алган Батыш Шерианын көптөгөн шаар жана айылдарына түнү бою жүргүзгөн рейддеринде да 4 палестиналык каза болуп, ондогону жараланды.

Батыш Шерианын көптөгөн шаарлары жана кыштактары израилдик аскерлердин ар кандай чабуулдарына дуушар болушту.

Рамаллахтын Будрус айылына жасалган рейд учурунда чыккан кагылышууда израилдик аскерлер тарабынан атылган октун натыйжасында бир палестиналык каза болду. Дагы бир жарадар болгон палестиналык да ооруканада дарыланды.

Наблуска рейд учурунда израилдик аскерлер тарабынан атылган октун натыйжасында бир палестиналык каза болсо, Рамаллахда бир жөөт отурукташуучунун куралдуу кол салуусунан улам бир палестиналык каза болду.

Нур Шамс качкындар лагеринде жарадар болгон 16 жаштагы палестиналык Израиль аскерлери тез жардам кызматынын бөлмөсүнө кирүүсүнө тоскоол болгондуктан кан жоготуп каза болду.

Израиль аскерлери Батыш Шерианын ар кайсы аймактарында мурдагы депутаттар жана Хамастын өкүлдөрү да болгон 100 палестиналыкты кармап кетти.

Палестиналык туткундар коомунун басма сөз катчысы Эмани Серахан Израиль күчтөрүнүн 7-октябрдан бери Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста 850 палестиналыкты камоого алганын билдирди.

Кассам бригадалары 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулду баштаганын жарыялаган.

Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Кагылышуунун күчөшүнөн улам эки тараптан тең миңдеген адамдар курман болушту.



Тектеш кабарлар