Жо Байден Израилде

Израилге барган АКШнын  президенти Жо Байден премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга  : "Жаныңарда экенимди көрсөтүү үчүн жеке өзүм келдим",- деди.

2052608
Жо Байден Израилде
biden-netanyahu.jpg
biden-israil.jpg

Израилге барган АКШнын  президенти Жо Байден премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга  : "Жаныңарда экенимди көрсөтүү үчүн жеке өзүм келдим",- деди. 

Жо Байден Газадагы Аль - Ахли баптист ооруканасына жасалган кол салуудан кийин Израилдин борбор шаары Тель - Авивге барды.

Байденди Бен Гурион аэропортунда Израилдин президенти Исаак Герцог жана Израилдин премьер - министри Нетаньяху тосуп алды.

АКШнын президенти Нетаньяху менен жолугушкандан мурда жасаган билдирүүсүндө : "Хамас террористтери  1300 кишини өлтүрдү. Алар уурдаган балдардын  эмнелерди жашагандыгын болжолдой албайм. АКШлыктар сиздер менен бирдей пикирде жана тынчсызданууда. Израиль бул кол салууларга жооп берди жана бул менин уюмча улантылышы керек, өзүңөрдү коргоо үчүн эмне керек болсо аткара алууңар керек. Мунун болушу үчүн бардык жардамды беребиз",- деди. 

Оорукана кол салуусун да Израилдин жасабагандыгын айткан Байден : "Байкалгандай ооруканага жасалган кол салууну сиз (Израиль) эмес башка тарап жасаган. Бирок көбү ишенбейт. Хамаска күчүбүздү көрсөтүү абдан маанилүү. Эмне кыларыбызды көрөбүз. Бул жерде болум келди анткени бүткүл дүйнөнүн Израилдин жанында экендигибизди билишин каалаймын",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар