Франциядагы аэропорттор эвакуацияланды

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда полиция жетекчилери бүгүн эрте мененки сааттарда аты аталган  аэропорттор үчүн электрондук почта жолу аркылуу бомба жана кол салуу кабарын алды.

2052703
Франциядагы  аэропорттор эвакуацияланды

Францияда бомба билдирүүсү жана  кол салуу коркунучунан улам  6 аэропорт  эвакуацияланды. 

Франция жарандык авиация боюнча башкы директорлугу Лилль, Брон, Ницца, Нант, Тулуза жана Бове аэропортторунан эч бир учактын учпагандыгын жана экинчи бир буйрукка чейин  каттамдардын токтотулгандыгын билдирди.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда полиция жетекчилери бүгүн эрте мененки сааттарда аты аталган  аэропорттор үчүн электрондук почта жолу аркылуу бомба жана кол салуу кабарын алды. 

Коопсуздук топторун аракетке өткөргөн кабардан кийин  аэропорттордо бомба издөө иштери аткарылууда. 

Аэропортко конгон учактардагы жүргүнчүлөрдүн терминалга киришине уруксат берилбестен терминалдагы  жүргүнчүлөр чыгуу каалгаларына  багытталууда. 

 



Тектеш кабарлар