Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму : "Газадага абал көзөмөлдөн чыгып жатат"

Гебрейесус Х социалдык медиа платформасынан газадагы саламатыкты сактоо боюнча абалдарга байланыштуу маалымат берди.

2052636
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму : "Газадага абал көзөмөлдөн чыгып жатат"

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун  башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Газадагы саламаттыкты сактоо боюнча абалдын  көзөмөлдөн чыккандыгын жана медициналык жардамдарды жеткирүү үчүн ктүлгөн ар бир минутанын жоготууларга себеп болгондугун белгиледи. 

Гебрейесус Х социалдык медиа платформасынан Газадагы саламаттыкты сактоо боюнча абалдарга байланыштуу маалымат берди. 

"Газада абал көзөмөлдөн чыгууда жана медициналык жардамдады жеткирүү үчүн күтүлгөн ар бир секундда жоготуулар болуп жатат",- деген Гебрейесус Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Газа үчүн аймакка жиберген медициналык жардамдардын 4 күндөн бери  чек арада күтүп жаткандыгын айтты. 

Гебрейесус медициналык жардамдарды Газага жеткирүү үчүн тараптардын ортосундагы  зомбулуктун токтошу керектигин белгиледи. 

Кечээ кечинде Израилдин Газадагы Аль-Ахли баптист ооруканасына жасаган кол салуусунда 500 палестиналыктын каза болгондугу билдирилген. 

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары 7 - октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштагандыгын жарыялаган.  Газадан Израилге карай миңдеген ракета атылып, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштагандыгын жарыялаган..

Акыркы болуп Израилдин Газадагы Аль Ахли баптис ооруканасына кол салуусунун натыйжасында 500 кишинин каза болгондугу билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар