Раиси Израилдин кол салууларына каршылык көрсөттү

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда, президент Раиси жаңы окуу жылынын башталышынан улам Шираз университетинин студенттерине кайрылуу жасады.

2050114
Раиси Израилдин кол салууларына каршылык көрсөттү

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Израилдин блокададагы Газа тилкесине карай кол салуусун “адамзатка каршы кылмыш” деп мүнөздөдү.

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда, президент Раиси жаңы окуу жылынын башталышынан улам Шираз университетинин студенттерине кайрылуу жасады.

Сөз сүйлөөсүндө Израилдин кол салууларына токтолгон Раиси: «Сионисттик режимдин Газадагы кылгандары адамзатка каршы жасалган кылмыштын мисалы»,-деди.

Израиль күчтөрүнүн аял, бала, кары-картаң дебей ырайымсыз согуш жүргүзүп жатканын билдирген Раиси, эл аралык мыйзамга карабай бул кылмыштарды жасагандарды колдогондордун жана АКШнын жооп бериши керектигин белгиледи.

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян да, Иракка сапарынын алдындагы билдирүүсүндө Израилдин Газаны толук курчоого алганына көңүл буруп: «Курчоо, суу менен электр жарыгын өчүрүү, дары-дармек менен азык-түлүктүн киришине уруксат бербөө сионисттердин Газанын бүткүл калкына каршы кыргынды көздөп жатканын көрсөтүүдө. Газада биз күбө болуп жаткан бул согуш сионисттердин бир эле топко каршы согушу эмес, бардык палестиналыктарга каршы согушу»,- деди.

Хамастын аскерий канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге "Акса топону" деп аталган кеңири чабуул баштаганын жарыялаган. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылып, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирип барышкан.

Израил армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Чыңалуунун күчөшүндө эки тараптан тең жүздөгөн каза тапкандар бар.



Тектеш кабарлар