Гутерриш: «Турмуштук маанилүү заттардын Газага киришине уруксат берилиши керек»

Гутерриш Нью-Йорктогу БУУнун имаратында Израиль-Палестина жаңжалына байланыштуу басма сөзгө билдирүү жасады.

2049789
Гутерриш: «Турмуштук маанилүү заттардын Газага киришине уруксат берилиши керек»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш күйүүчү май, тамак-аш жана суу сыяктуу турмуштук маанилүү заттардын Газага киришине уруксат берилиши керектигин айтты.

Гутерриш Нью-Йорктогу БУУнун имаратында Израиль-Палестина жаңжалына байланыштуу басма сөзгө билдирүү жасады.

Израиль жана Газадагы окуяларды жакындан байкаганын белгилеген Гутерриш аймактык лидерлер менен тыгыз байланышта экенин билдирди.

Гутерриш: «Биз чыр-чатактын жайылышынан качышыбыз керек»,-деп айтып, Ливан менен Израилдин ортосундагы «көк сызык» деп аныкталган чек арадан өз ара аткылоо жана Ливандын түштүгүндөгү кол салуулардан тынчсызданганын белгиледи.

Бардык тараптарды жана тараптарга таасири бар тараптарды чыңалуунун күчөшүнө жана жайылышына жол бербөөгө чакырган Гутерриш : «Газада барымтага алынган бардык израилдиктердин дароо бошотулушуна чакырам»,-деп айтты.

Гутерриш жарандардын корголушу жана эл аралык гуманитардык укуктун сакталышы керек деген билдирүүсүн берди.

БУУнун палестиналык качкындарга жардам агенттигинин (UNRWA) Газадагы 92 мекемесинде жүз миңдеген палестиналыктын баш калкалоочу жайда экенин белгилеген Гутерриш, БУУнун мекемелери, ооруканалар жана мектептер эч качан бутага алынбашы керектигин баса белгиледи.

«Күйүүчү май, тамак-аш жана сууну кошкондо, Газа тилкесине өтө маанилүү материалдарды киргизиш керек. Бизге азыр тез жана тоскоолдуксуз гуманитардык жетүү керек»,-деп кайрылган Гутерриш Египетке Рефах чек ара дарбазасы аркылуу гуманитардык кирүүнү жеңилдетүү жана Эл Ариш аэропортун гуманитардык жардамга даяр кылган конструктивдүү мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди.

БУУнун баш катчысы кайрылуусун: «Убакытты текке кетирүүгө болбойт. Ар бир мүнөт маанилүү»,- деп жыйынтыктады.

Хамастын аскерий канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуул жасаганын жарыялады. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Чыңалуу күчөп кетип эки тараптан тең жүздөгөн адамдар курман болушту.



Тектеш кабарлар