Германия: "Израиль ок-дары сурады"

Писториус, Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО жыйынынын алдында журналисттерге маалымат берди.

2050075
Германия: "Израиль ок-дары сурады"

Германиянын коргоо министри Борис Писториус, Израилдин Хамастын чабуулдарынан улам согуштук кемелери үчүн ок-дары сураганын билдирди.

Писториус, Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО жыйынынын алдында журналисттерге берген маалыматында, Израилдин бар болуу үчүн күрөшүп жатканын жактап: «Биз израилдиктердин жанындабыз»,-деди. 

Израилдин Германиядан согуш кемелери үчүн ок-дары сураганын айткан Писториус, талап кылынган эки учкучсуз учуучу аппаратты камсыздай тургандарын жана санитардык материалдык колдоо иштеринин уланып жатканын маалымдады.

Писториус өлкөсүнүн НАТОнун келечектеги жаңы тоскоолдук жана коргонуу стратегиясы үчүн 35 миң аскерин «өтө жогорку деңгээлде» кармай турганын баса белгилеп: "Бул, аймактык коргонуу пландарын конкреттүү күчтөр менен колдоо маселеси. Бардык нерсебизди ортого салуудабыз",-деди.

Германия НАТОнун коргонуу стратегиясы үчүн 35 миң аскери менен бирге 200гө жакын учак, фрегат жана корвет берет.

Бул аскерлер 2025-жылдан баштап НАТОнун Европадагы күчтөрү үчүн даяр болот.



Тектеш кабарлар