Зеленскийдин НАТОнун штаб - квартирасына күтүлбөгөн сапары

Зеленскийди штабдын кире беришинде НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг тосуп алды.

2049381
Зеленскийдин НАТОнун штаб - квартирасына күтүлбөгөн сапары

Украинанын президенти Владимир Зеленский Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны өткөн НАТОнун штаб-квартирасына күтүүсүз барды.

2022 - жылдын февралында өлкөсү менен Россиянын ортосунда согуш башталгандан кийин НАТОго биринчи жолу барган Зеленскийди штабдын кире беришинде НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг тосуп алды.

НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынын алдында журналисттерге билдирүү жасаган Зеленский алдыдагы кыш мезгилинин өлкөсү үчүн эң чоң сыноолордун бири болорун баса белгиледи.

Зеленский НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери менен Украинанын алдыңкылыктарын талкуулай турганын билдирди. Алдыңкылыктарынын  абадан коргонуу системасы экендигин белгилеген Зеленский : "Абадан коргоо системаларын энергетика тармагын жана дан транзиттик жолдорун коргоо үчүн биздин жерлерибиздин конкреттүү географиялык пункттарында абадан коргонуу системаларын жайгаштырышыбыз керек",- деди. 

Столтенберг  Россияга  каршы согушунда Украинаны колдоону уланта тургандарын айтты.

Столтенберг Украинага абадан коргонуу, артиллериялык системалар жана ок-дарылар боюнча  колдоо зарылдыгын баса белгилеп, союздаштардан бүгүн жаңы колдоо билдирүүлөрүн күткөндөрүн айтты.

 

 



Тектеш кабарлар