Иран жана Кувейттин Палестина тууралуу сүйлөшүүсү

Ирандын Тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян кувейттик кесиптеши Шейх Салем Абдуллах  ел  -  Сабир ес  - Сабах менен Палестинадагы абалдарга баа берди.

2049472
Иран жана Кувейттин Палестина тууралуу сүйлөшүүсү

Ирандын Тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян кувейттик кесиптеши Шейх Салем Абдуллах  ел  -  Сабир ес  - Сабах менен Палестинадагы абалдарга баа берди. 

Ирандын расмий маалымат агенттиги IRNA билдиргендей, Абдуллахиян Кувейттин Тышкы иштер министри Сабах менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Абдуллахиян : "ислам мамлекеттери (Израилдин) курчоо жана согуштук кылмышка каршылык көрсөтүүсү керек",- деди. 

Ислам Кызматташтык Уюмунун  биринчи мүмкүнчүлүктө чогулушу керектигин кайталаган Абдуллахиян, Тегерандын ИКУнун тышкы иштер министрлеринин жыйынын өткөрүүгө даяр экендигин айтты.

Газага тез арада суу жана азык-түлүк жөнөтүүнүн жана Израиль тарабынан жасалган блокаданы токтотуу үчүн аракет кылуунун маанисин баса белгилеген Абдуллахиян, Тель-Авив башкаруусунун жасаган согуш кылмышы үчүн Араб Лигасы тарабынан айыпталышы керектигин белгиледи.

Кувейттин тышкы иштер министри Сабах да Палестина элин коргоону ар дайым уланта тургандарын айтты.

Сабах : "Бардык тараптар (Израил-Палестина) чыңалууну азайтып, жарандардын өмүрүн коргоп, согуш чамбарынын кеңейишине жол бербөөгө аракет кылышы керек",- деди.

Кувейттин министри  өлкөсүнүн Газада тынчтыкты түзүү үчүн бардык аракеттерди колдой турганын кошумчалады.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге "Акса топону" деп аталган кеңири чабуул жасаганын жарыялады. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирди.

 



Тектеш кабарлар