Грециянын Салоники шаарында Палестинага колдоо митинги өттү

Полиция катуу коопсуздук чараларын көргөн митинг Салоникидеги АКШ башкы консулдугунун алдында аяктады.

2049241
Грециянын Салоники шаарында Палестинага колдоо митинги өттү
italya filistin destek.jpg
urdun filistin destek.jpg
yunanistan filistin destek.jpg

Кечээ Салоники шаарынын Аристотел аянтында чогулган түрдүү солчул топтор жана палестиналыктар колдорундагы желек жана баннерлер менен Палестинага колдоолорун билдиришти.  «Жок болсун Израиль», «Жашасын Палестина» деген ураандар менен жүргөн митингчилер «Америка Кошмо Штаттары Израилге карата жардамдарыңды токтот» деп жазылган баннерлер менен  жүрүштү.

Полиция катуу коопсуздук чараларын көргөн митинг Салоникидеги АКШ башкы консулдугунун алдында аяктады.

Митингге чыккандар митингден кийин чыр  - чатаксыз таркашты.

Ушундай эле митингдер Грециянын түрдүү шаарларында да болду.

Түштүк Американын Аргентина өлкөсүндө жөөттөр менен палестиндер өз – өзүнчө митинг  өткөрүштү.

Жүздөгөн адамдар жана солчул топтор Израилдин Газага кол салууларына каршылык көрсөтүү үчүн борбор шаар Буэнос-Айресте чогулушту.

Палестинага эркиндик ураандарын кыйкырып, Израилдин кол салууларына каршылык көрсөткөн калың топтор шаардын борборун көздөй жөнөштү.

Газага кол салуулардын токтотулушун каалаган топтогулар Палестина элине колдоо көрсөтүштү.

Буэнос-Айрестеги жөөт жамаатынын чакыруусу менен чогулган жөөттөр Израилге колдоо көрсөтүштү.

Бразилиянын борбор шаары Бразилиада  да Палестинага колдоо митинги өткөрүлдү. Митингчилер желек жана баннерлер менен жүрүштү.

Иорданияда миңдеген киши Газага жана Палестина каршылык кыймылына колдоо көрсөтүү үчүн жүрүшкө чыкты. Мусулман бир туугандар уюмунун саясий канаты Ислам Эмгек Фронту партиясынын чакыруусу менен «Күркүрөгөн сел» урааны менен уюштурулган жүрүшкө миңдеген киши катышты.

Ливиянын борбор шаары Триполидеги Шейиттер аянтында чогулган жүздөгөн ливиялык да колдорунда Палестинанын байрактары менен ураандардын коштоосунда Газага колдоо көрсөтүшү.

Тунисте да адвокаттар Палестинага колдоо көрсөтүү үчүн митингге чыгышты.

Тунис адвокаттар биримдигинин чакыруусу менен борбор шаар Тунистеги Адилет сарайынын алдына ондогон адвокат чогулду. Митингде Палестина жана Тунис желектери менен  «Каршылык көрсөтүү Палестина жерлерин бошотуунун жалгыз жолу», «Каршылык көрсөтүүгө ооба, нормалдаштырууга жок» деген жазуулар илинди.

Оккупацияланган Батыш Шериадагы Рамалла шаарында чогулган бир топ Месжид - и Акса жана Газага колдоо көрсөтүү митингин өткөрдү.

Германиянын борбор шаары Берлинде өткөрүлүшү пландалган Палестина менен тилектештик митингине уруксат берилген жок.

Берлин полициясынын билдирүүсүндө : "Палестина менен тилектештик үчүн Берлиндин  райондорунда бир эле темада өткөрүлө турган митингдер жана жүрүштөр жана алардын ордуна өткөрүлө турган бардык иш-чаралар коомдук коопсуздукка жана тартипке коркунуч туудурат деген жүйө менен тыюу салынды»,- деп айтылды.

Хамастын аскердик  канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге "Акса топону" деп аталган кеңири чабуул жасаганын жарыялаган. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылып, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израил армиясы да Газа тилкесине каршы аскердик учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Чыңалуунун күчөшүндө эки тараптан тең жүздөгөн киши каза болду.



Тектеш кабарлар