Германиядан Израилге колдоо сунушу

Германиянын Коргоо министри Борис Писториус борбор шаар Берлинде парламентте бул тууралуу маалымат берди.

2049459
Германиядан Израилге колдоо сунушу

Германиянын Коргоо министри Борис Писториус борбор шаар Берлинде парламентте  жасаган билдирүүсүндө : "Жуманын акырынан бери мен досум жана кесиптешим (Израилдин Коргоо министри) Йоав Галант менен кат алмашып жатам. Германия өкмөтүнүн атынан  Берлиндеги Израиль  элчилигинин аскердик атташесине кылгандай ага колдоо сунушун билдиридим.  Азырынча экөөнө тең эч кандай аскердик же техникалык колдоонун керек эмес экендигин айтышты”, - деди. 

Маселенин саясий колдоо маселеси экенин белгилеген Писториус : 

"Биз муну каалайбыз,  гуманитардык жактан  жардам бере тургандай сунуштар бар, бирок азырынча талап кылына элек",- деди. 

Министр Писториус  Хамастын колунда немис барымталардын бар же жок экендиги, бар болсо кандай кыймыл кылышары тууралуу суроого жооп бербей тургандыгын баса белгиледи. 

Писториус немис жарандарынын Израилден эвакуацияланышына байланыштуу : "Тышкы иштер министрлиги менен  байланыштабыз. Бул Тышкы иштер министрлиги чыгара турган чечим. Премьер  - министрлик менен Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясат  боюнча баа берүүлөрү уруксат берсе эмне жасалышы керек болсо жасоого ар дайым даярбыз",- деп баа берди. 

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге "Акса топону" деп аталган кеңири чабуул жасаганын жарыялады. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирди.

 

 

 



Тектеш кабарлар