Палестина чакыруу салды

Палестина башкаруусу Израилдин  блокада астындагы Газа тилкесине электр жана сууну үзгүлтүккө учуратуусунан кийин чукул  азык  - түлүк жана медициналык жардам суранды.

2049014
Палестина чакыруу салды

Палестина башкаруусу Израилдин  блокада астындагы Газа тилкесине электр жана сууну үзгүлтүккө учуратуусунан кийин чукул  азык  - түлүк жана медициналык жардам суранды. 

Палестина Боштондук Уюмунун Аткаруу комитетинин баш катчысы Хүсейин еш  -  Шейх берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин 7 -  октябрдан бери бардык чек ара капкаларын жапкандыгын белгилеп, Палестина башкаруусунун Газа тилкесине чукул түрдө азык  - түлүк жана медициналык  жардам берүүнү талап кылгандыгын белгиледи.

Израилдин Коргоо министри Йоав Галлант Газа тилкесин толук блокадага ала тургандарын, аймакка электр энергиясы, тамак - аш жана күйүүчү май берилбей тургандыгын айткан.

Израилдин Энергетика министри Исраэль Катц да кечээ 2 миллионго жакын палестиналык жашаган Газа тилкесине суунун агымынын үзгүлтүккө учурагандыгын билдирген.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге "Акса топону" деп аталган кеңири чабуул жасаганын жарыялаган. Газадан Израилге карай миңдеген ракета атылып, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да аскердик учактары менен Газа тилкесине "Темир кылычтар" операциясынын баштаткандыгын билдирген.

 



Тектеш кабарлар