Ирактын премьер - министри Судани : Түркия менен коопсуздук сүйлөшүүлөрү улантылууда

Ирактын расмий "Es-Sabah" гезити Суданинин Россияга сапары алдында Спутник  агенттигине берген маегин жарыялады.

2048800
Ирактын премьер  - министри Судани :  Түркия менен коопсуздук сүйлөшүүлөрү улантылууда

Ирактын премьер  -  министри Мухаммед Шиа ес  -  Судани Түркия менен Иран менен болгондой ыктымалдуу коопсуздук келишимне кол коюу үчүн диалогдун улантылып жаткандыгын айтты. 

Ирактын расмий "Es-Sabah" гезити Суданинин Россияга сапары алдында Спутник  агенттигине берген маегин жарыялады.

Түркия менен болгон карым - катнаштар жана Иран менен болгондой эле Түркия менен коопсуздук келишимине кол коюлушуна байланыштуу суроого : «Коңшубуз Түркия менен тарыхый терең мамилелерибиз бар. Өзгөчө ири масштабдагы биргелешкен соода көлөмү да бар. Эки өлкөнүн ортосундагы бардык жалпы маселелер жана мамилелер, анын ичинде коопсуздук маселелери боюнча диалогубуз уланууда. Коопсуздук маселелери  менен күрөшүүнүн конкреттүү механизмдерин табуу үчүн байланыштабыз», - деп жооп берди Судани.

Ирак башкаруучулугу Тегеран менен март айында кол коюлган коопсуздук келишимине ылайык, 19 - сентябрдан тарта Иранга каршы режим топторунун куралсыздандырылып, чек арадан алыс аймакка жайгаштырылганын жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар