Германияда мечитке карата кол салуу болду

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.09да болгон кол салууда эч ким жабыркаган жок, мечитте материалдык чыгым болду.

2047656
Германияда мечитке карата кол салуу болду

Германиянын Түндүк Рейн - Вестфалия штатынын Сигбург шаарындагы Дин иштеринин түрк - ислам биримдигинин борбордук мечитине белгисиз адамдар таш менен кол салышты.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.09да болгон кол салууда эч ким жабыркаган жок, мечитте материалдык чыгым болду.

Дин иштеринин түрк - ислам биримдигинин Сиегбург борбордук мечиттер коомунун төрагасы Туран Каплан жазуу түрүндөгү маалыматында, коопсуздук камераларына түшкөн видеолордо мечитке таш менен кол салган 4 киши тууралуу полицияга  арызын бергендерин айтты.

акыркы мезгилдерде мечиттерге карата күч алган кол салуулардан тынчсыздангандыгын билдирген Каплан мечит башкаруусу менен жамаат катары тынчсызданып жаткандарын айтты. 

Каплан кол салууга байланыштуу коопсуздук камерасындагы видеолорду полиця менен бөлүшкөндөрүн белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар