Мишель: "Алиев менен Пашинян Брюсселде жолугушат"
Мишель, айдын аягында Брюсселде үч тараптуу жолугушуу өткөрүлөрүн жарыялады.
Азербайжан менен Армениянын лидерлеринин айдын аягында Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушары кабарланды.
Европа Биримдиги (ЕБ) Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Испаниянын Гранада шаарында өткөрүлгөн расмий эмес ЕБ лидерлер саммитинин кире беришинде журналисттерге берген маалыматында, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды Брюсселге чакырганын айтты.
Лидерлердин чакырууга оң жооп бергенин билдирген Мишель, айдын аягында Брюсселде үч тараптуу жолугушуу өткөрүлөрүн жарыялады.
Кечээ Европа саясий шериктештигинин (АСТ) жыйынынын алкагында Евробиримдик Кеңеши, Армения, Франция жана Германиянын лидерлери Гранадада чогулуп, андан соң биргелешкен билдирүүсүндө нормалдашуу процессин колдой тургандыктарын баса белгилешкен.
Алиев катышпаган жыйында лидерлер чек араны тактоо иштерин тез арада илгерилетүү зарылдыгын, камактагыларды алмашуу, тагдырлары белгисиз болгондор жана миналарды тазалоо иштери боюнча жылыш керек экенин айтышкан.
Тектеш кабарлар
Бельгияда Израилге каршы бойкот акциясы
Гент, Брюссел, Антверпен, Левен жана Льеждеги университеттерде нааразылык акциялары уланууда.