АКШ Карабахтагы гуманитардык абалга көңүл бурганын билдирди

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Карабахта алардын көңүлүн «гуманитардык кырдаал» бурганын билдирди.

2046025
АКШ Карабахтагы гуманитардык абалга көңүл бурганын билдирди

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Карабахта алардын көңүлүн «гуманитардык кырдаал» бурганын билдирди.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар координатору Жон Кирби, Арменияга көчүп келген Карабахтын мурдагы тургундары үчүн алгачкы баскычта «11 миллион долларлык гуманитардык жардам» камсыздагандарын айтты.

Жардамдарды уюштуруу үчүн АКШдан бир топтун да аймакка жайгаштырылганын билдирген Кирби: «Ошондуктан гуманитардык абалга абдан көңүл буруп, азап-запкыларды жеңилдетүү үчүн колубуздан келгендин баарын кылып жатабыз»,-деди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысынын орун басары Ведант Пател Карабах боюнча «узак мөөнөттүү, көз карандысыз эл аралык байкоочу миссиянын» зарылдыгына токтолду.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) делегациясынын «Карабахта карапайым калкка катаал мамиле жасалган эмес, айыл чарбасы, мал чарбачылыгы жана инфраструктурасы жабыркаган эмес» деген корутундусуна канааттангандыгын билдирген өкүлдүн орун басары: «БУУнун комментарийлери АКШнын пикирин өзгөртпөйт. Карабахта узак мөөнөттүү көз карандысыз эл аралык байкоочу миссияга карата күчтүү каалоо жана муктаждык бар экенине ишенебиз», - деди.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында, Азербайжандын чакыруусу менен аймакка барган БУУнун делегациясынын Лачын жана Ханкенди шаарындагы чек ара бекеттерин текшерип, «Делегация армян жарандарына карата зордук-зомбулукту таба албаганын жана аймактагы жарандык инфраструктуралардын бутага алынбагандыгынын көргөндөрүн билдирди»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар