ЕБ: «Ашыкча оңчул терроризм Европада өсүп бара жаткан коркунуч»

Йоханссондун кожоюндугунда мындан ары жыл сайын өткөрүлүшү пландалган «Террордун каржыланышы менен күрөшүү форумунун» биринчиси Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлдү.

2045531
ЕБ: «Ашыкча оңчул терроризм Европада өсүп бара жаткан коркунуч»

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын ички иштер боюнча жооптуу мүчөсү Йлва Йоханссон Европада ашынган оңчул топтор барган сайын террордук коркунуч жаратып жатканын айтты.

Йоханссондун кожоюндугунда мындан ары жыл сайын өткөрүлүшү пландалган «Террордун каржыланышы менен күрөшүү форумунун» биринчиси Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлдү.

Өзүнүн ачылыш сөзүндө Йоханссон терроризмди каржылоо менен күрөшүү бүткүл дүйнө боюнча өнөктөштөр менен иштешүүнү талап кылган процесс экенин баса белгиледи.

«Ашыкча оңчул терроризм Европада өсүп бара жаткан коркунуч»,-деп айткан Йоханссон: «Ашыкча оңчул, зордукчул экстремисттер акча чогултуп, рок-концерттерди уюштуруп, күндүз товарларын сатышат»,-деп айтты.

Йоханссон «Ашыкча улутчулдуктун аягы кайдан бүтөөрүн жана терроризмдин кайдан башталаарын аныктоонун» кыйын экенине көңүл буруп, террористтердин криптовалюталарды барган сайын көбүрөөк колдонуп, жасалма кайрымдуулук иштеринин артына жашынып жатканын айтты.



Тектеш кабарлар