Армения Улуттук Парламенти Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) Рим статусун бекитти

Парламенттин сессиясында Эл аралык соттун негиздөөчү келишими болгон Рим статусу  22 добушка каршы 60 добуш менен жактырылды.

2045757
Армения Улуттук Парламенти Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) Рим статусун бекитти

Армения Улуттук Парламенти Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) Рим статусун бекитти. 

Парламенттин сессиясында Эл аралык соттун негиздөөчү келишими болгон Рим статусу  22 добушка каршы 60 добуш менен жактырылды.

Армения Рим статусун 1999 - жылы кол коюлгандыгына карабастан  Конституциялык сот 2004 - жылы чыгарган  чечимине ылайык статусту  Армениянын Конституциясына тескери деп тапкан. 

 

Өкмөт 2022 - жылы статусун кайра карап чыгуу үчүн Конституциялык сотко кайрылган.

24 - мартта Армениянын Конституциялык соту Эл аралык соттун Рим статусу армян мыйзамдарына туура келет деген чечим чыгарып,  бекитүү үчүн Улуттук Парламентке жөнөткөн.

Рим статусунун Конституциялык  соту тарабынан мыйзамдарга ылайык  деп табылышы Армения жана Россиянын ортосунда чыңалуу жараткан. 

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков : "(Армениянын Рим статусу чечими)  Бул бизге карата душмандык чечими. Кабыл ала турган абал эмес",-  деген.  

Бир тараптан Армениянын премьер - министри Никол Пашинян 19 - сентябрда Улуттук Парламентте  сүйлөгөн сөзүндө Рим статусунун Армения - Россия  карым - катнаштары менен эч кандай байланышы жок экендигин жана статустун бекитилиши Армениянын коопсуздугу менен байланыштуу экендигин белгилеген. 

Рим статуту 1998 - жылдын 15 - июнунан 17 - июлунда чогулган Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясынын  Италиянын борбор шаары Римде  чечим чыгарылган Эл аралык соттун курулуш статусу. 

 

 



Тектеш кабарлар