Евробиримдик Түркия менен мамилени улантууга даяр экенин дагы бир жолу кайталады

Европа Биримдиги Комиссиясынын басма сөз катчысы Ана Писонеро, маалымат жыйынында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээки билдирүүлөрү жана Түркиянын мүчөлүк процесси тууралуу суроого жооп берди.

2045193
Евробиримдик Түркия менен мамилени улантууга даяр экенин дагы бир жолу кайталады

Евробиримдик (ЕБ) Түркия менен кызматташуу жана өз ара пайдалуу мамилени улантууга болгон умтулуусун ырастады.

Европа Биримдиги Комиссиясынын басма сөз катчысы Ана Писонеро маалымат жыйынында, президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээки билдирүүлөрү жана Түркиянын мүчөлүк процесси тууралуу суроого жооп берди.

Түркия менен эки тарапка тең пайдалуу карым-катнаш түзүүнүн жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде ырааттуу жана коопсуз чөйрөнү сактоонун ЕБнин кызыкчылыгында экенин белгилеген Писонеро: «Евробиримдик адам укуктары, мыйзамдын үстөмдүгү, эл аралык укук жана аймактык туруктуулук боюнча милдеттенмелердин негизинде жалпы гүлдөп-өнүгүүгө жана туруктуулукка карата конструктивдүү мамилеге өтүү үчүн Түркия менен кызматташууга даяр»,-деп айтты.

Писонеро стратегиялык жана келечекке карай кадам таштоо максатында ЕБ Комиссиясы тарабынан Европа Биримдиги-Түркия карым-катнаштарынын жүрүшү тууралуу даярдалган отчетко байланыштуу иш-аракеттердин уланып жатканын, мындан тышкары кеңейүү пакетинин алкагында Түркия үчүн жылдык отчеттун да жакында жарыялана турганын эске салды.

Президент Эрдоган, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын 28-чакырылыштагы 2-мыйзам чыгаруу жылынын ачылышына байланыштуу кечээки жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө: «(ЕБ) Эгерде азыр талкууланып жаткан толук мүчөлүк процессин токтотуу ниеттери бар болсо, иштин бул жагы да алардын өз иши. Демократия, адилеттик жана эркиндиктер жагынан керек болсо Копенгаген критерийлерин Анкара критерийлери менен алмаштырып, жолубузду улантабыз»,-деген.



Тектеш кабарлар