Карабахтагы армян командир Манукиян камакка алынды

Азербайжандын мамлекеттик коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө Армениянын жараны, Армения армиясынын мүчөсү Манукяндын Карабахта камакка алынганы белгиленди.

2044295
Карабахтагы армян командир Манукиян камакка алынды

Азербайжандын Карабах аймагындагы армян башкаруусу деп аталган аймакка караштуу мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн командири,  генерал-майор Давит Манукян камакка алынды.

Азербайжандын мамлекеттик коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө Армениянын жараны, Армения армиясынын мүчөсү Манукяндын Карабахта камакка алынганы белгиленди.

Билдирүүдө Россия, Азербайжан жана Армениянын ортосунда 2020 - жылдын 10 - ноябрында кол коюлган үч тараптуу декларацияда «Армян армиясынын Азербайжандын аймагынан чыгарылуусу» шартына карабастан, Манукяндын аймакта калып  «Карабахты коргоо армиясынын командиринин биринчи орун басары» катары кызмат кылгандыгы белгиленди. 

Манукяндын Азербайжанда коомчулуктун коопсуздугун бузуу, коомчулукта дүрбөлөң салуу, жардыруу жана өрт сыяктуу террордук актыларды уюштурууга да катыштыгы бар экендигинин аныкталгандыгы билдирилди. 

"Уюшкан топ тарабынан кайталанган терроризм", "Ок атуучу куралдардын,алардын компоненттерин, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана аппараттарды мыйзамсыз алуу, сактоо жана ташуу", "мыйзамда каралбаган куралдуу топторду жана бөлүктөрдү түзүү" жана "Азербайжандын чек арасын мыйзамсыз өтүү" деген айыптоолор менен сот алдына чыгарылган   Манукяндын камакка алынгандыгы белгиленди. 

 

 



Тектеш кабарлар