Европанын эң эски бут кийимдери Испанияда табылды

Чөптөн жасалган бул бут кийимдин жашы болжол менен 6 миң жыл экендиги ортого чыкты.

2044084
Европанын эң эски бут кийимдери Испанияда табылды

19 - кылымда Испаниянын түштүгүндөгү бир үңкүрдөн табылган сандал Европанын эң эски бут кийими экендиги аныкталды. 

Чөптөн жасалган бул сандалдардын жашы болжол менен 6 миң жыл экендиги ортого чыкты. 

 

Бут кийимдерди 19 - кылымда Андалусия аймагындагы Куева де лос Мурсиелагос үңкүрүн пайдаланган шахтерлор тапкан.

Ошол убакта табылган 76 сөөк жаңы технологиялар менен кайрадан изилденди жана бул объекттердин мурунку  божомолдордон 2 миң жылга эски экендиги белгилүү болду.

 

Үңкүрдөгү нымдуулуктун аздыгы жана муздак шамал бут кийимдин бузулушуна тоскоол болгондугу айтылууда. 



Тектеш кабарлар